Кытайдын кара дарысы

Биздин күндөр.....

Бишкек -Чолпон-Ата каттамына таксиге адамдар Көлгө барып эс алабыз, деп отурууда. Аңгыча бир аксакал машиненин эшигин ачайын деп колун сунганда, манжасынын ортосунда тегерек оюлган тешик көрүндү. Өзү жашы кыйлага чыгып калса да, башы бети он эки мүчөсү соо, бирок алаканынын ортосундагы оюк, таксинин ичиндеги пассажирлерди ойго салып, акыры бир жигит чыдабай: " Ава бул алаканыңыздын ортосу эмне үчүн оюк"- деп сурады.

Аксакал:" Мейли узун жолду кыскартайлы". Мен башымдан өткөн окуяны айтып берейин, кунт коюп угуп тургула"- деп аксакал көзүнө жаш алып сөзүн баштады...

Үркүн....1916 жыл эл үркүп, эл менен кошо биздин айыл үркүп ошол толкуган эл менен биз да үркүп Кытай менен чектеш, аскалуу ашууну көздөй качып жөнөдүк.

Декабрь айы болчу, өрлөп ашууга жакындаганда катуу бороон чапкын болуп, азыктарыбыз азайып, акыркы тамактарыбызды жеп жаттык. Жолду катар суук тийип, ташка кулап, оорудан өлгөндөрдүн саны көбөйүп катарыбыз күндөн күнгө азайып жатты.

Алгачкы күндөрү сегиз айлык карындашым тоңуп үзүлдү, азабыз суубай чоң атам Асангалыйды жерге бердик, бир эки күн өтпөй,чоң энем Калыйпа көз жумду, ыйлап көзүбүзгө жаш алгыча, апам Кадыйча өпкө жөтөл болуп гүрсө гүрсө жөтөлүп, өпкөсүнө ашуунун муздак шамалын бир жутуп көз жумду.

Атамын белинде жапкан нан, жупка, бышырылган эттен бир аз калган, агам экөөбүзгө берип, өзү ачка жүрдү. Ашуудан ашканда, ачкачылыкпы, ажал келдиби, айтор атаман айрылдык.

Агам Султан экөөбүз тоголок жетимге айландык. Аман калгандарыбыз ашуудан ашкандарыбызды кытайлар кармап алып зындандарга салышты.

Биз агам экөөбүз курагыбыз жаш болгондуктан бир кытай бизди кул базарга алып, чыгып мал базардагыдай сатыкка койду.

Бир Ю Хан деген бай көпөс агам экөөбүздү сатып алды.

Ашуудагы ачкачылык, кордук, суук аба ырайы, адамдардын өлүмү жаш башыбызды бышырып биз баардык сыноолорго даяр болчубуз.

Ю Хан бизди эзип кулчулук кылабы деп ойлоп жүрдүк, Бирок андай болбоду, Ю Хан атабыздай кам көрүп, ичкен ашын бизге берип бизди аябай семиз кылып багып өстүрдү, кийим кечек эч нерседен кем кылбады. Агам экөөбүз Ю Хан атабыздын бул жакшылыгын өмүр бою унутпайбыз деп калпагыбызды асманга ыргытып миң мертебе шүгүрчүлүк кылып жүрдүк. Бизге кароолчу да жалдап, бассак турсак бизди коруп көзүнүн карегиндей корукта чоңойдук.

Ошентип бой жетип үйлөнө турган жашка жеткен мезгилде, Ю Хан атабыз бизди агам экөөбүздү чакырып, мына бойго жеттиңер, үйлөп бир башыңарды эки кылайын, анан өзүңөрдүн кандай максаттарыңар бар дебеспи.

Султан агам:" Ата биз бир Кыргызстанга барып эл журтту көрүп келели, андан соң сиз буюруган кыздарга үйлөнөйлү"- деди.

Ю Хан атам бир аз ойлонуп, макулдугун берди, Бирок бир шарт менен, баягы силерди ушул жашка чейин жаныңардан чыкпаган кароолчулар силер менен чогуу болот, мага силердин амандыгыдар керек "- деди. Биз макул болдук.

Ошентип көөдөндөгү мекен деп соккон жүрөк ата журтту көрөбүз деген эңсөөбуз менен кыялдарга чөмүлүп ата бабаларыбыз мекендеген жерлерди көрөт экенбиз го деп көпөлөктөй серпилип сүйүндүк. Ю Хан атам ошол Мекенибизди көрөбүз деген кеч өзгөчө даамдарды коюп, башкача сыйлады. Ю Хан атам бизди аябай баккан болчу, кебетебиз болчоң, багылган -өгүздөрдөй көзүбүз өзүнчө эле сүзулөт. Акемин салмагы 120 кила болсо меники 100 килани чапчыйт.

Ошентип оозубуз эт чайнап жаагыбыз талыганча гамшаңдап, атканда көзүмө кооз чарабзал бычак урунду. Бул чарабзал Ю Хан атамыкы болчу, ошол чарабзалды кайрып чөнтөккө салдым, жолдо эт башка оокат жесек пайдасы тийет деп.

Ошентип таң эрте жолго аттандык, күн күүгүм кирип шам маалында чайга отурдук, жаныбызда бизди корукка алып ээрчиген төрт жигит эки көзү бизде. Тамактанып жат жат болуп, чарчап чаалыгып калганга, тез эле уйкуга кеттик.

Таң атты, таңга жуук асман боз маалда шыбырт угулду. Уйкум канып калган экен, көзүмдү дароо ачып колум менен көзүмдү аарчыйын десем, колум кыймылдабайт, тобоо бул эмнеси десем. Колу-бутум байлануу, башымы көтөрүп карасам, баягы төрт корукчу жигиттер акеми колу бутун байлап узун шап жыгачка илип төртөө көтөрүп алып барып, жаныбызда бир үңкүр зындан бар экен ошого аркан менен түшүрүштү. Адам чыдагыс акемин үндөрү чыкты, менин жаным кайнап бейпайда тишими кычыратам. Бир маалда акеми зындан- үңкүрдөн сууруп алып чыгышты. Болчоң денеси аябай шишип кетиптир. Бул үңкүрдө бир, сыр бар деп, уктамыш болуп көзүмү жумуп жатам. Анан акеми шишиген денеси менен көтөрүп келип эки жүз литрлик казанга салып, үстүнө суу куюп толтуруп казан астына от жагып башташты, чала жан акем суу кайнаганда, бир эки бакырып үнү өчтү. Ошондо жан тарбалстап, тыбырчылап колу бутумду аркандан бошотууга аракет кылам, гүрмөк эмес чие байланыптыр, чылгый тер басты. Оюма чарабзал келди. Чыканагым менен чөнтөгүмү түрткүлөсөм, чөнтөктө экен. Чарабзалды байланган эки колум менен бутумун аркандарын кестим, андан соң, байланган колумун аркандарын кесип бошоттум. Чоң талдын капталында соркойгон бутакка көзүм илинди, чуркап барып бутакты сындырып талдан ажыратсам, башы базгандай экен, ачуу менен кыйкырык менен төрт жан алгыч адам жегичтердин төрт тарапка сулайта чаптым. Казанга баш баксам, байкуш акемин денесинин териси шыпырылып, болчоң денеси бырышып, денесинин түсү капкара болуп карайып, кичирейип калыптыр, ошол денеден калган дене сөөк калдыктарын топтоп баштыкка салып Кыргызстанды көздөй жөнөдүм.

Келатып баягы акеми түшүрүшкөн зындан- үңкүргө баш Бактым. Тооба акем жөн бакырбаган экен, үңкүрдүн ичинде кара чаар жыландар күшүлдөп толуп алышыптыр. Тообо акеми жыландар чагып уусун чачкан турбайбы, ошондуктан акем үңкүрдөн чала өлүк болуп чыккан турайбы, деп көзүмө жаш алып кайгырдым.

Кыргызстанга жетип биринчи айылга жетип ээсим ооп жыгылдым. Көзүмү ачсам, жанымда эки үч адам турат, бириси жашы улгайып калган аксакал экен.

Башыма нымдалган лата басып коюшуптур. Ысытма чыгып денем тим эле күйүп жатат, бир маалда төшөктү ачсак, денем парсанактап, майда-майда үйлөмө шарга окшоп шишип кетиптир.

Акаскал менден сурай баштады, кайдан эмне болуп келе жатканымы. Мен баарын болгондой төкпөй-чачпай баяндап бердим. Аксакал угуп отуруп: "Ошол агаңын калган денеси сөөгү кайда деп сурады"- эле. Мен баштыкты көргөздүм. Аксакал баштыкты ачып агамын карайып калган денесинен кичине кесип алып, менин шишик денеме сыйпап төшөккө ороп жаткызып койду.

Эрте менен көзүмдү ачып өзүмдү байкаштырсам болуп көрбөгөндөй кубаттанып калыпмын. Ысытманын "Ы"сы да калбаптыр. Парсанак шишиктер жоголуп өзүмдүн мурунку денем калыбына келиптир.

Төшөктөн ыргып туруп аксакалга жолугуп, бул эмне сыйкыр, кантип дарыладыңыз десем.

Аксакал мени тиктеп :" Агаңын өлүк денеси- Бул кытайдын айтылуу кара дарысы. Кытайдын түштүк провинциясында кулдукка сатылып алынган адамдарды багып семиртип чоңоюп күчүнө киргенде, адамды уулу жыландарга чактырат, ууландырат. Ууга тойгон денени чоң казанга салып узак бир түн кайнатышат, дене карайып мумия окшоп калат. Карайып калган зат- Кытайдын кара дарысы деп коюшат"- деп сөзүн жыйынтыктаганда,- гаңгирап селейип калдым:" Таңгөрүү....... айыбын билген олуя, айыбын билбеген лаадан болот деген чын тура. Айыбымы моюнубузга алганыбыз, ноо экенбиз, акем экөөбүз. Ю Хан бизге аталык кылды, багып чоңойтуп үйлөйт деп карачечекей атама ишенгендей ишенип алган экенбиз. Ю Хан бизди дарылыкка семиртип, жаткан экен деп, тообам жанып ташка көчүк басып эндиреп отуруп калдым. Кыйла убакытта өзүмө келдим. Аксакалга, бала чакасына ыраазычылык айтып, айылыма келип, агамын сөөгүн кепиндеп, жаназа түшүрүп, жерге бердик"-деп, жашы токсонго таяп калган аксакал болгон окуяны сооңуна чыкты.

Таксиде отурган бир жигит чыдабай кетип:"Ава алаканыңыз үркүп качканда ашууда ташка оюлуп тешилип калды беле, ошону айтпадыңыз, го?"-деп суроо салды.

Аксакал:"Акемин сөөк денесин казандан чыгарып, жатканда ушул колум казандын сыртына тийип көө болуп калды, ошол көөнү жууп койойун деп, сол колума чөмүчтү алып казандагы суюктуктан чөмүчкө сүзүп, оң колумун көө болгон алаканыма куйганда, ошол суюктук алаканымы көзөп тешип өтүп кетти, колумун ачышканын, тешилип калгандан кийин сездим. Ошол ууланган адам денеси кайнаган суу ошондой касиетке ээ болуп, алаканымды тыртык оюк кылып койду.

Үркүн болбосо, биз үркпөсөк, Кытайды көздөп качпасак, ата энем, карындашым, баары ашууда тоңуп өлмөк эмес, акем экөөбүз бөтөн элде момунтип кор болмок эмеспиз.

Айланайын Ала-Тоом, Кагылып кетейин Кыргыз жерим, байыртадан кылым карыткан кыргыз элим- эгемендигибизди баалап, барктап алайлычы!

Эч бир мамлекетке элибизди качкылык кылбасын!

Эч бир улутка элибиз кул болбосун, ак калпак аталарыбыз, ак элечек энелерибиз төрдүн башында болсун!

Эр азаматтарыбыз элдин жүгүн тартып, көк шиберлүү жайлоолорубузда төрт түлүк малыбыз жайылсын, түндүгүбүз түшпөсүн, коломтобузда отубуз өчпөсүн! ",- деп аксакал жүрөктөгү тилектерин айтып жаратканга жалбарды....

Жыргал Сулайманов

Другие материалы по теме

Манкуртский историзм: был ли в 1916 году геноцид?

Публицист Эсенбай Нурушев размышляет о событиях 1916 года, о различных исторических фактах, когда представители одних стран истребляли население...