Чаар-Арча кыргыны

Элдин башкы касиети эс-тутуму. Эс-тутуму жокту эл дебейт, кара аламан дейт. Сырттан келген ириткилер менен ичтен чыккан бузукулар канчалык эсибизди эңшерип, кутубузду учурса да, тырмышып-тытынып, кой-айга да болбой тарыхыбыздын жаман-жакшы сабактарын эскерип келебиз. Августтун аягы эгемендүүлүгүбүздүн расмий күнү болсо, башы каргашалуу Үркүндүн кайнаган учуру. Анын үстүнө быйыл ага туптуура 100 жыл болду.

Көлдөгү Барскоондук бапа туугандарыма барып аралашып, бир чарбалык иш менен алектенип жүргөнүмө бир нече жыл болду. Кой маарек, сырттан келгендерге ысык-суугу жок, сөз кадырын да, адам кадырын да астыртан билип мамиле кылган нарктуу журт экенине улам көбүрөөк ынап барам. Улуу-кичүү чогулган жердин баарында эл көйгөйү ачык айтылып, кимдир-бирөөдөн айбыгып, куйтуланган кишини учурата элекмин. Саясий шылуундуктарды ийне-жибине чейин билип, ичеги кардын артпаса да, элеттик баёолук менен дүңүнөн түшүнүп, өздөрү үчүн майнаптуу мамилени карманууга жараган эл экен. Үркүн маселесинде да булардын саясатчыларды да, окумуштууларды да, дегеле кимди да болсо ордуна коюп коёр өз чындыгы бар.

Алардын бири ошол каргашалуу баш оона айында Барскоон капчыгайынын Чаар-Арча деген жеринде көгөндөлүп кырылгын беш жүзгө жакын катын-бала менен кары-картаң. Жазалоочу казак орус отряддарынан качып, будуң-чаң түшүп үрккөн эл атчан-жөөчөн күргүштөп Барскоон капчыгайы менен Сыртты карай жөнөйт. Эр бүлөлөрдүн башы эптеп биригип, эл агымын жөнгө салууга жетишет. Куугундун алдына тосот уюштуруп, ар кайсы жерден таш кулатып, бардаңке атып, убакыттан аздап утуш алышат. Катын-бала менен чал-кемпирлерди Чаар-Арча деген чер токойго жашырып коюп, негизги көчтү аздыр-көптүр мал-жаны менен Сары-Мойнок ашуусун ашырууга үлгүрүшөт. Узак жолго камы жок куугунчулардан куйругун үзүп, коопсуз жерге жеткен соң субай-салтаң жашырылгандарды кайрылып келип алып кетмек болушат.

Түшкө киргис алаамат мына ушул жерде башталат. Жети кишиден турган, тишине чейин куралданган жазалоочу топ ашууга кеткендерди таштап, бапанын өз ичинен чыккан тыңчынын көрсөтмөсү менен түз эле тайган таппайт деп жашырылган Чаар-Арчадагы шоргелдейлердин үстүнөн түшөт. Койчо ийирип камап, амалданып асманды карай аткылап, биринин колун бирине байлатат. Байлатпаганыңды да, байлабаганыңды да атам, соём, кылычтайм деп опузалап аргасын курутат. Байлоо боюнча кыргыздан өткөн адис барбы. Күрмөп, казык баш чалып, чиелеп, эки жашаса да чыккыс, чечилгис кылып байлап киришет бири бирин.

- Кокуй байлабагыла! Баарыбызды байлап алып четинен соёт булар, - дейт бир дарысы.

- Койгулачы, кантип эле ошого батынсын. Ушинтип опузалап коё берет да, - дейт дагы бир дарысы.

- Байланып өлгүчө тытышып өлөлү! Булар аз эле киши экен. Ажалы жогубуз кутулуп кетербиз, - дейт бирөөлөрү.

- Кары-картаң менен катын-баланы каапыр деле өлтүрбөйт. Кайрыдин кантип ошого барсын, - дейт дагы бирөөлөрү.

Акыры тыңчынын ишарасы менен каршылыкка чакыргандардын жаагы басылып, акыркы кишиси калгыча бири бирин көгөндөп бүтүшөт. Колу бош калган акыркы шордуу баш кесердин кылычы менен кыя чабылып жан таслим болгондо гана түшүнөт баары кандай каран күнгө туш болушканын. Билгенде эмне, көргөндө эмне, кокуйлап кыйкырып-өкүргөндө эмне, улуп-уңшуганда, ботодой боздогондо эмне!?

Жети баш кесердин бешөө беш жүз кишини ок коротпой кылычтап кызыл кыргын кылууну арасындагы эки жаш үйрөнчүккө тапшырып коюп, жамбаштап жатып карап олтурушат. Беш жүз кишинин бири да кутулуп кетүүгө жарабайт. Бири да! Чала өлүк болгондорун кошумча текшерип штыктап сайып тынчытышат.

Баш кесерлерди ээрчитип келген жанагы тыңчы же ушунун баарын карап турганын, же кетип калганын билбейбиз. Ал тууралуу кабарыбыз жок. Аны керек киши Барскоондуктардын өздөрүнөн сурап алса болот. Ошентсе да бул кыргын жайында жети баш кесер менен 500 өлүктөн сырткары дагы Бирөө болгон. Ал Жараткан Кудай эле. Кыргыз деген элди, кыргыз деген элдин эс тутумун миңдеген жылдардын арасынан ушул күнгө чейин алып келген бир Кудай эле. Ал 500 өлүктүн ичинен штык сайылып, ичегиси чубалган алты жашар Бектен деген баланы тирүү коёт.

Анан да ошол Чаар-Арчада беймаал өткөн кишиге катын-баланын улуп-уңшуп, боздогон үндөрү күнү бүгүнкө чейин угулуп турат.

Ошол каргашанын жалгыз күбөсү Бектен ата тамтыгы кеткен курсагынын тырыктары менен 86 жашка чыгып, Үркүндүн 80 жылдыгына чейин жашап каза болгон. Урук-тукуму, чоң-чоң кызматтарда иштеген бала-бакырасы бар. Азыркы Барскоондук бапа атпайдын баары Бектен атанын, ошондо шейит кеткен 500 кишинин тууган уругунун сөзүн угуп чоңойгон. Бирок алардын бирөөнүн да оозунан орус көрсөң баса кал деген сөздү да, орус аттууга кучунашы кармаган сезимди да байкаган жокмун. Алардын баары азыркы орустардын ошол баш кесерлерге кыпындай тиешеси жок экенин беш колундай билет. Бирок ошол тарыхты айтпайлы, унут кылалы дегендин артында өз ичибизден чыккан чыккынчылык бар экенин да бөркүндөй эле көрүшөт. Себеби чыккынчылыктын бир жолу курмандыгы болгон эстүү элге мунун баары айдан ачык.

Бейшенбек Бекешов