Чон көтөрүлүштүн (Үркүндүн) 100 жылдыгына карата драмалардын сынагы жарыяланат

14.02.2016

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 1916-жылдагы Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата драмалардын конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Сынакка пьесаларды кабыл алуу 2016-жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. Конкурска катышуучу пьесалар кыргыз, же орус тилинде жазылып, электрондук варианттын гана негизинде, автору, дареги жана контакттык маалыматтары так көрсөтүлүп 2016-жылдын 1-апрелине чейин КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайтына жиберилет.
Сынакка келген пьесалардын ичинен комиссия, 2016-жылдын 10-апрелине чейин, алты драманы тандап алып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуштайт.
булак: Марал