Сталиндик сокку: 80 жыл мурун СССРде чоң террор башталган

Сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналып тургузулган Санкт-Петербургдагы эстелик.

1937-жылы 31-июлда СССР тарыхындагы эң үрөй учурган документке кол коюлган. Ал документ НКВДнын № 00447 жашыруун оперативдүү буйругу эле.

Төмөнкү тепкичтер

Теориялык жактан алганда массалык террорго Сталиндин тезиси негиз болуп берген десе болот. Ал 1928-жылы 9-июлда БКнын (Борбордук комитет) пленумунда социализмге алып бара турган таптык күрөш солгундаган жок, кайра күчөп жатат деп айткан.

1934-жылы 4-декабрда ленинграддык партуюмдун жетекчилеринин бири Сергей Кировдун өлүмүнөн үч күндөн кийин, иликтөөчүлөрдүн айтымында аны Сталин өзү уюштурган, СССР БАКтын (Борбордук аткаруу комитети) президиумунун токтому чыккан. Токтомдо мамлекеттик кылмыш боюнча айыпталгандардын ишин тездетилген тартип менен кароо, кечирим берүү жана даттанууну кабыл албоо, соттун чечиминен кийин өлүм жазасына кесилгендердин өкүмү тез арада аткаруу каралган.

Көрүнүп тургандай Сталин туташ тазалоо боюнча соңку чечимди 1936-жылдын 25-сентябрынан кечикпей эле, Сочиден саясый бюрого жолдогон НКВДнын жетекчиси Генрих Ягоданын ордуна Николай Ежовду дайындоо тууралуу атактуу телеграммасынан кийин кабыл алган.

Жаңы дайындалган эл комиссары ишке олтуруп олтура элек Сталинге баяндама жөнөтүп, анда «Дээрлик көп сандагы атууларды ишке ашырууга туура келет» деп жазган экен.

Блог: Абдыкадыр Орозбековго даярдалган буктурма

Даярдык жана бошоп калган бурамаларды бышытуу он айга созулган.

1937-жылы февраль жана март айларында Бүткүл союздук коммунисттик партиянын БКсынын бир жарым аптага созулган жыйыны өтөт. Мынчалык узак убакытка уланган жыйындагы негизги маселе эле «эл душмандары» менен күрөшкө арналган. Чыгып сүйлөгөн 72 кишинин 52си Сталиндин багыттарын бекем колдогонуна карабай, кийин өздөрү репрессияга кабылган.

27-февралда «партиянын сүймөнчүгү» Николай Бухарин жана Лениндин мураскери саналган Алексей Рыков камакка алынган. 22-майда маршал Тухачевский камакка алынганы армиядагы массалык репрессиянын башталышы болуп калды.

16-июлда Сталин жеке өзү НКВДнын жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, алдыдагы акцияны майда-чүйдөсүнө чейин талкуулайт. Жыйынга катышкандардын эскерүүлөрүндө, Ежов: "Эгерде бул операциянын жүрүшүндө ашыкча миң киши атылып кетсе, анын эч кандай кесепети тийбейт. Батыл аракеттенип, камагыла, кийин териштирип аласыңар" деп айткан экен.

Террордун чегинен ашканы

"Ежов аларды Сталин союл катары пайдаланганын түшүнгөн, төгүлгөн абийирин басуу үчүн арак ичкен». (Никита Хрущев)

Ежовдун буйругу менен 31-июлдан тарта «максаттуу топтор» аныкталып, мурунку «кулактардын», антисоветтик партиялардын», «көтөрүлүшчүл, шпиондук түзүмдөрдүн мүчөлөрүн», «троцкийчлерди», «чиркөөгө жакын кишилерди» камоо, эч кимди унут калтырбаш үчүн «активдүү антисоветтик элементтер» деген айыптоо менен камкка алуу башталган.

Бүтүндөй Советтер Союзунун бардык чөлкөмдөрүндө репрессия абдан жайылып, ишке ашкан.

Биринчи жолу массалык түрдө кишилерди атуу 1937-жылы 2-августта Ленинграддын алдындагы Леваш полигонунда жана 8-августта Подмосковьедеги Бутов полигонунда орун алган. Ушул эки гана жерде 45 жана 20 миң киши атып өлтүрүлгөн.

Башында бүт өлкө боюнча 76 миң кишини атууга өкүм кылып, 200 миңдей кишини ГУЛАГ жазасына тартуу пландалган экен. Бирок обкомдордун секретарлары жана НКВДнын жер-жерлердеги баштыктары «лимитти көбөйтүү» тууралуу өтүнүч келтиришет. Белгилүү болгон маалыматтарга караганда Сталин эч кимдин өтүнүчүн четке каккан эмес.

Жалпы жонунан 1937-жылдын августунан 1938-жылдын ноябрына чейин НКВД 1 млн 548 миң 366 кишини камакка алган. Алардын 1 млн 344 миң 923ү сот жообуна тартылып, 681 миң 692 киши атылган. Орточо алганда күнүнө бир жарым миң киши атылып турган.

Атууга өкүм кылынгандардан сырткары 115 миң киши «тергөө учурунда каза тапкан», башкача айтканда кыйноолордон көз жумган. Алардын арасында, маселен маршал Василий Блюхер мерт болгон.

1938-жылы 25-ноябрда Ежовду кызматынан алышкан. Кийин аны атып салышкан. Кийин 150 миң киши абактан бошотулган. Негизинен алар мамлекетке керектүү болгон техникалык адистер жана аскер кызматкерлери эле.

Белгилүү болгондой Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы белдүү кол башчылар Константин Рокоссовский, Кирилл Мерецков жана Александр Горбатов ошол кезде бошотулган. Бирок бошотулгандар арасында жөнөкөй кишилер дагы көп болгон экен. Маселен, Михаил Горбачевдун чоң атасы.

Күч түзүмдөрүн Ежовчулардан «тазалоонун» жүрүшүндө 7 372 кызматкер жумушунан бошотулуп, алардын 937си соттолгон.

Кимдин күнөөсү?

Азыркы иликтөөчүлөрдүн айрымдары (Евгений Добренко, Олег Хархордин) Чоң террордун себебин, дегеле советтик режимдин мындай абалын ошокездеги коомдогу саясый маданияттын төмөндүгү, агрессивдүүлүк, сабырсыздык, жамааттык жек көрүүчүлүктүн өөрчүгөнүнөн көрөт.

Сталиндин биографы Эдвард Радзинскийдин болжолунда, Сталин өзүнүн пайдасы үчүн улуттук мүнөздөгү алешемдиктерди пайдаланып, массага Лениндин образындагы кудайды, өзүнүн кейпиндеги падышканын моделин берди.

Ошол эле учурда «Мемориал» коомунун илимий кызматкери Никита Петровдун пикиринде, жөнөкөй жарандардын аракеттери, айталы анонимдүү каттар репрессиянын негизги кыймылдаткыч күчү болгон эмес.

«Террор негизинен мамлекетти башкарган белгилүү чөйрө тарабынан бир катмардагы кишилерге каршы максаттуу багытталган. Дооматтардын чоң бөлүгү НКВДнын штаттан сырткары кызматкерлери тарабынан жеткирилип турган. Дээрлик өлкөнүн жарымы «сөз ташып турган» деген бул абсолюттуу миф», -дейт иликтөөчү.

Үч түрдүү максат

«Сталиндин эпохасындагы репрессиянын логикасы даана көрүнүп турат. Катаал, ырайымсыз, бирок логикасы: СССРдин калкын «кем акылга» айлантуу»,-дейт тарыхчы Андрей Буровский.

Иликтөөчүлөр мунун биринчи себебин «башчынын» өзүнүн жеке басар бийликке умтулуп, тегерегине өз кишилерин жыйноого умтулуусунан көрүшөт.

Калкка карата үрөй учурган ырайымсыздык аркылуу бул кишилер өздөрүнө карата болжолдуу эркиндикти, кол тийбестик жана өз пикирине ээ болуу укугун алышты.

Эгерде 1930-жылы обком секретарлары жана республикалык БКнын жетекчилеринин 69 пайызы революцияга чейинки партиялык тажрыйбага ээ болгон болсо, 1939-жылдан киийн 80,5% Лениндин өлүмүнөн кийин партияга киргендер бийлик башына келген.

1939-жылы өткөн Бүткүл союздук коммунисттик партиянын XVII курултайы расмий түрдө «жеңүүчүлөр курултайы» деп аталганы менен иш жүзүндө «кол үзгөндөрдүн курултайына» айланып калды. Анткени 1 956 делегаттын 1 108и, БКга шайланган 139 мүчөсүнүн 97си атууга кетип, бешөө өзүн өзү өлтүргөн.

Экинчиден, Сталин чоң согуштун алдында өлкөнү «тазалоодон» өткөрүүнү чечкен деген да пикир бар. Жынтыгында карасак, террор максатына жеткен эмес. Маалыматтарга караганда, согуш учурунда миллионго чейинки советтик жарандар колундагы куралы менен душмандашкан тарапка өтүп кетишкен.

Бирок азыркы иликтөөчүлөр бирок бул кырдаалды ар кандай көрүшөт. Үчүнчү тапшырма, калкты темирдей тартипте кармап, баш көтөрбөй эмгектенүүгө мажбурлоо, ал эмгек пайдалуу үчүн эмес, мамлекетке керек үчүн иштөө керек дегенге көндүрүү болгон.

Согушка чейинки жети жыл ичинде СССРдеги абак жайларында болжолу 6 млн киши жазасын өтөгөн. Алардын арасында «эл душмандары» менен башка кылмыш менен соттолгондордун саны болжолу бирдей эле.

Соттолгондордун 57 пайызын эмгек нормасын аткарбагандар, мүлккө зыянын тийгизгендер жана башка ушул сыяктуу кылмыш менен кесилгендер түзгөн.

1937-жылдан кийин Сталин «шедевр» мамлекетти кура алды, бирок ал мамлекет өзүнүн куруучусунан узак жашай алган жок. (AbA)

Макала кыскартылып которулду.

Булак. BBCKyrgyz

Толугу менен