Үркүнгө чейинки орусташтыруу саясаты

Жети-Суу облусунун администрациясынын кызматкерлери. 1910-жыл.

1916-жылкы Улуу көтөрүлүш жана анын кайгылуу уландысы болгон Үркүн жөнүндө изилдөөлөр 1920-жылдардан бери келе жатат. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин макаласын сунуштайбыз.

1916-жылкы көтөрүлүштүн түпкү себеби

Былтыркы “Тарых жана маданият жылында” ондогон жаңы пикирлер айтылды, азыр да жазылууда. Улуу көтөрүлүштүн себептери, башталышы, жүрүшү, жыйынтыктары жана анын тарыхый маанисин баалоо боюнча ондогон окумуштуулардын, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин баалуу илимий жыйынтыктары коомчулукка жеткирилип жаткандыгына карабай, кыргыз тарыхнаамасы бул илимий маселе боюнча жаңы бийиктиктеги методологиялык принциптерге толук өтүп бүтө электиги, талаш-тартышка түшкөн илимий суроолор дагы эле арбын экендиги тастыкталууда. Ал жөнүндө балтыр жаз айларында "Азаттык" үналгысынын интернет-сайтында “1916-жыл: суроосу арбын Улуу көтөрүлүш” деген макалада жаздык эле.

Улуу көтөрүлүшкө арналган акыркы эл аралык жыйында да мындай тарыхый изилдөөнүн негизги методологиялык принциптерине таянган орчундуу ойлорду айтуу зарыл экендигине дагы бир жолу ынандым. Ошондуктан бул макалада көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жөнүндө методологиялык негиздерди тереңирээк тескеп, ага конкреттүү мисалдар менен саресеп салууну ылайык көрдүк.

Алгач ар кандай окуянын өбөлгөсү болорун мыйзам ченемдүүлүк катары түшүнүүнү сунуштар элем. Тарыхый окуялар “себеп-натыйжа чынжыры” менен өнүгөт. Башкача айтканда, кайсы бир окуя болор алдындагы абал ошол окуянын өбөлгөсүн түзсө, окуянын жүрүшү натыйжа катары бааланып, ал эми бул натыйжа деп саналган окуя кайрадан өзүнөн кийин келчү окуянын өбөлгөсү да болуп калары бышык.

Конкреттүү мисалга кайрылсак, XIX кылымдын башындагы рыноктук мамилелерге жаңыдан кирген Орусия империясына ички экономикалык талаптарды канааттандыруу үчүн тышкы саясатта саясий багыттагы акцияларды (каратып алуулар) уюштуруу зарыл болгон. Бул өбөлгө. Демек ал өбөлгө ошол кылымдын ортосунан баштап 70-жылдардын орто ченине чейин Кыргызстанды каратып алуу деген тышкы саясаттагы зор процесске алып келген. Ал натыйжа.

Каратып алуу менен орнотулган Кыргызстандагы саясий-административдик, экономикалык, чарбалык жана руханий саясатты камтыган процесс оторчулук доорду түзгөн. Анын толгон-токой негативдүү кесепеттери, жергиликтүү калк менен Орусия өкмөтүнүн, келгин орус калкынын ортосунда кескин карама-каршылыктарды алып келген. Бул өбөлгө. Ал карама-каршылыктар элдешкис мүнөзгө өткөндөн кийин улуттук-боштондук күрөш, башкача айтканда 1916-жылдагы Улуу көтөрүлүш келип чыкты. Эми ал натыйжа болуп эсептелди. Ошентип, бул жөнөкөй баяндоо тарыхтын “себеп-натыйжа” чынжырын көрсөтүп турат.

Оторчулук саясаттын натыйжасы

1916-жылкы Улуу көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жөнүндө кеп кылып жатып, “Правда Востока” деген коммунисттик гезит 1931-жылдагы бир санында негизинен өбөлгөлөрдү туура аныктагандыгын айта кетүү керек. Гезиттин “Восстание 1916 года в Средней Азии” аттуу макаласында Орто Азияда Орусиянын аскерий-феодалдык типтеги империялык үстөмдүгү Түркстандагы өндүргүч күчтөрдү өстүрбөй, жергиликтүү элдин материалдык жана маданий өнүгүүсүн кечеңдеткендиги, мунун өзү акырындык менен калкты жакырчылыктын сазына батырып, жергиликтүүлөрдү жылма саясат менен жок болуп кетүүгө алып бара жаткандыгы, оторчул саясатынын алкагында жашап жаткан кыргыз сыяктуу элдерди ”башка тукумдагы (инородцы)”, “туземдер” деп атап, аларды толук кандуу Орусиянын жарандары эмес, экинчи сорттогу, укугу чектелген масса катары кабыл алышы, борбордук губернияларда помещиктик жер ээлөөнү сактап калуу жана дыйкандардын толкундоолорун алдын алуу, падышачылыктын чет жакалардагы колонияларында бекем таяныч түзүү максатында Жети-Суу сыяктуу аймактарда жергиликтүүлөрдүн эгин аңыздарын, шалбааларын зордук менен тартып алуу аркылуу орус келгиндерин кеңири жайгаштыруу, Орусиянын соода-сүткордук жана финансылык капиталынын кызыкчылыгын коргоо максатындагы өндүрүштүк саясат жүргүзүү, жергиликтүү чарбаны оторчул экономиканын алкагынан улам сүрүп чыгарып отуруп, туңгуюкка кептөө, жергиликтүү тургундарды саясий-экономикалык, социалдык жана руханий жактан улуттук эзүүнү күчөтүү сыяктуу өбөлгөлөр калыптанып, акыркы жылдарда дүйнөлүк согуштун кесепеттери абалды ого бетер оорлотуп жибергендиктен Орто Азия жалпы системдик кризиске кабылган, ал эми “жергиликтүүлөрдүн эр бүлөлөрүн тыл жумуштарына чегерүү” жарлыгы өзүнүн чегинен алда канча ашып түшкөн жогорку өбөлгөлөрдүн “казанын” жарып жиберди да улуттук-боштондук күрөш башталып кетти, деп жазат газета [2].

Жогорку анализ советтик идеологиянын ошол жылдарда үстөмдүк кылган советтик алгачкы көрүнүктүү окумуштуу М.Н. Покровскийдин (1868-1932) “соода капиталы” жөнүндөгү теориясынын [8, 9], анын көз карашын улантышкан П.Г.Галузо [3] менен В.Л.Лаврентьевдин [7] изилдөөлөрүнүн алкагында болгону менен Улуу көтөрүлүштүн өбөлгөлөрүн объективдүү баалаган алгачкы олуттуу пикир болгондугун тануу кыйын.

1916-жылкы улуттук-боштондук күрөштүн өбөлгөлөрү, ошентип көп жана ар түрдүү. 1850-жылдардан 1916-жылга чейинки боло келген бардык саясий, экономикалык, социалдык жана маданий, атүгүл жеке инсандыкка чейинки майда-барат факторлордун суммасы Улуу көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү катары каралышы абзел. Бул жерде анын баарын айтып отуруунун кажети жок. Алар жөнүндө ондогон изилдөөлөр бар, китептер чыккан. Ошол өбөлгөлөрдүн ичинен эң маанилүүсү, фундаменталдуусу жана өзөктүүсү Орусия империясынын борбордогу саясатчылары тарабынан иштелип чыккан алысты болжогон стратегиялык максат – “орусташтыруу” деп аталган концепция болгондугун белгилей кетели.

Оторчулуктун "орусташтыруу" саясаты

Бул саясаттын келип чыгышы Орусиянын колониялык системасынын европалык колониялык системалардан өзгөчөлөнгөн бир географиялык факторго байланыштуу. Маселен, европалык колониялык системаларда, айталы Англияда же Францияда метрополия менен колониялардын ортосун океан, тоо кыркалары, чөлдөр, башкача айтканда, ири географиялык тоскоолдуктар бөлүп турат. Ал эми орус метрополиясы болуп эсептелген борбордук Орусия менен анын колониялык чет-жакаларынын ортосунда адам өтө алгыс географиялык тоскоолдуктар жок. Сибирь, Кавказ, Орто Азия сыяктуу чет жакалар Орусиянын “эзелки аймактарынын уландысы” катары каралган. Орусиянын колониялык саясаты үчүн мындай өзгөчөлүктүн геосаясаттык чоң мааниси болгон. Анткени, Орусиянын улам каратылып алынып жаткан колониялык чет жакалары акырындык менен узак мөөнөт ичинде борбордук губерниялар менен айкалыштырылып отуруп, акыр-аягында аларды накта орус жерине айлантып жиберөөгө шарт түзгөн. Бул “орусташтыруу” саясаты болучу.

Орусташтыруу саясаты Кыргызстан сыяктуу чыгыш чет жакаларды басып аларга чейин эле же анын алдында негизинен иштелип чыккан саясат болучу. Маселен, Орусиянын тышкы иштер министри князь А. М. Горчаковдун 1864-жылдын 21-ноябриндеги Оренбург жана Сибирь бийликтерине жөнөткөн циркулярында Орусиянын Түркстандагы саясатынын жакынкы милдеттери айтылган. А. М. Горчаков Түркстандагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырып, өкмөттүн алдында үч жол турат деп көрсөткөн: 1) Азыркыдай башаламандыкка моюн сунуп тура берүү. 2) Тынымсыз узак жана финансылык жактан оор согуштук экспедицияларды уланта берүү. 3). Орто Азиядагы хандыктарды жана майда ээликтерди биринен сала бирин багындыра берүү. Бирок, бул жолдордун үчөө тең орус империясынын тышкы саясатынын түпкү маанисине туура келген эмес.

“Орусиянын саясаты жерлерди ченемсиз багындыра берүү эмес, багынган жерлерде биротоло орус амирлигин орнотуп, ал жерлердин келечегине кам көрүү”, — деп жазат А.М.Горчаков [1, 734-35-бб.]. Демек, Орус империясынын тышкы иштер министри, көрүнүктүү саясатчы-стратег А. М. Горчаковдун бул пикиринде Түркстанды башаламан, авантюристтик согуштар аркылуу басып алуудан көрө, акырындык менен “жети өлчөп бир кескен” саясат аркылуу Орусиянын Орто Азияда бекем үстөмдүгүнө жетишүү боюнча чылбырды алыс таштаган перспективдүү стратегиялык планы чагылдырылган. Ошол эле учурда Түркстанды каратуудагы басып алуучулук саясатынын түпкү маңызын “ал жерлердин келечеги үчүн кам көрүү”, “маданиятын өстүрүү” деген сөздөр менен актоого аракеттенген [1, 734-35-бб.].

Падыша өкмөтүнүн саясатынын көрүнүктүү жактоочусу А. М. Горчаковдон мындан башка пикирди күтүү да мүмкүн эмес эле.

Орусиянын Орто Азияга карай тездик менен жылышынын башкы себептеринин бири катары XIX кылымдын экинчи жарымындагы орус колониалдык саясатынын жактоочулары тарабынан Орусиянын «табигый чектерин» ээлөө деп түшүндүрүлгөн. Ал «табигый чектер» болсо «тагдыр буйруган» же «кудай ыроологон» расмий укук катары кабыл алынган. Бул «табигый чектерди» ээлөө чыгыш көчмөн элдердин өз ара уруу чабыштарын, жоокерчилик жана талоончул жашоосун ооздуктоо, мамлекеттин чек араларын жана соода жолдорунун бейкуттугун камсыздоо, «артта калган» азия элдерин цивилизациялоо жана аларды дүйнөлүк жетишкендиктердин жыргалчылыктарына ыңгайлаштыруу максатын койот деп ишендиришкен.

Орус колонизациялык жүрүштөрүнүн активдүү алып баруучуларынын бири генерал-майор Л. Ф. Костенконун жазганын окуп көрөлү: Ал «Орусиянын Орто Азияга карай алга умтулуусунда эч кандай даңкты сүйүүчүлүк, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн максаттар жок. Тек, ал чөлкөмдү тынчытууну, ал жердеги өндүргүч күчтөргө түрткү берүүнү, Түркстанда жасалган өндүрүштү Орусиянын европалык бөлүгүнө сатуу үчүн кыска жол ачууну гана каалайт»[6, 191-б.], деп жазат.

1967-жылы орус колониалдык саясатынын апологеттеринин пикирине шайкеш ойду Н. И. Завалишин аттуу автор да өзүнүн Батыш Сибирь жөнүндө жарык көргөн үч томдуу эмгегинде келтирген [4].

Н. И. Завалишиндин пикиринин маанисинин тереңдигине байланыштуу аны толугураак келтирели. “Орусия үчүн кеңейүү эмне үчүн керек, деген суроо коюп, Н. И. Завалишин ага төмөнкүдөй жооп берет. “Эгер Орусия аймактык жактан кеңейбесе, анда ал элинин көп улуттуулугу жагынан биринчи, аймагынын кеңдиги жана ээлеген жерлеринин үзгүлтүксүз уланышы жагынан өзгөчө, келечеги кең жана түпкүлүгү бекем сезилген азыркы абалда (1960-жылдар) болбойт эле. Орусия Польшасыз континенталдык Европанын жүрөгүнүн толтосун кармай албайт эле, Крым жана Бессарабиясыз Түркияны сестенте алмак эмес, Сибирсиз жана Амурсуз Ыраакы Чыгышка чейин таасир этүүгө мүмкүнчүлүк болбойт эле. Буларды жасабай койсо эмне болот эле деп ойлогондор да жок эмес, бирок, андай болбогондо Орусия өзү Польшанын, Богемиянын же Венгриянын кейпин киймек.

Ошондуктан, сооданы өнүктүрүп, өлкөнү күчтөө үчүн анын аталган жактарга улам жылып, кеңейип олтурушу мыйзам ченемдүү болгон. Алысты көрө билген Рустун эзелки башчылары мындай идеяны эбак эле билишкен... Жарым-жапайы Святослав-норман бекеринен Днепрден Дунайга жер которууну ойлогон эмес. Иван III жөндөн-жөн эле Византия менен Балтика бойлоруна көңүл бурган эмес. Ал эми Улуу Петр бекеринен түндүккө жылып Петербургду негиздеген жок. Екатерина II болсо “грек долбоорун” түзүп, Польшаны бырчалагандыгы эсиргендиктен жасалбаган. Александр I Варшава менен Финляндияны алды, Николай I – Дунайдын сол жээги менен анын куймаларын ээледи, Александр II болсо Амур менен Уссурия дарыяларынын өзөнүн каратып, Ыраакы Чыгышка жана Кореяга жол ачты. Ошентип, бул миң жылдан бери келе жаткан мүдөө тарыхый зарылдыкты түзүп, аны жасап жаткан орус элине жараткандын көзү түз (автордун белгилөөсү – К.Т.)... [4]”

Жогорку маалыматтардын негизинде Орусиянын Азия мейкиндигине, анын ичинде Түркстанга карай экспансиялык жылуусун “тарыхый мыйзам ченемдүү” зарылдык катары көрсөтүүчү коомдук пикирлерди орус колониалдык апологеттери атайылап, ырааттуу калыптандыра баштагандыгынан шектенүүгө мүмкүн эмес.

Демек, Орусиянын XIX кылымдын орто ченинен башталган азия саясатынын түпкү маани-маңызы империянын төбөлдөрүн гана эмес, коомчулукту да ойлондуруп, натыйжада Орусиянын өзүнөн чыгышты карай жаткан чөлкөмдөргө болгон саясатынын алысты мерчемдеген концепциясы иштелип чыгыла баштагандыгын баамдоого болот.

Ошондуктан 1872-жылы алгачкылардан болуп жарыяланган расмий орус жыйнактарынын бири Орусиянын жакында эле түзүлгөн колониясы болгон Орто Азияны түз эле “Русский Туркестан” [12] деп атап жибергендиги бекеринен эмес.

Орусташтыруу концепциясына стратегиялык кеңири маани берилип, аны аткаруу мөөнөтүнө узак жылдар белгиленген. Түркстан жана анын элдери акырындык менен экономикалык, социалдык жана улуттук жагынан Орус империясына толук биригип кетүүсү, атүгүл идеологиялык, руханий, дин жагынан да, одоно айтканда ”орус кылуу” максаты коюлган. Чынында, кийин совет доорунда Сибирь, Түндүк жана Ыраакы Чыгыштын элдери тигил же бул улуттук азчылыкты көрсөтүп турганы менен, жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү, кебете-кешпири, менталитети орустан айырмасы жок адамдар болуп калышкандыгын ким тана алат...

Демек, орусташтыруу саясаты 1916-жылкы көтөрүлүштүн эң негизги өбөлгөсү болгон. Муну түшүндүрүүгө аракеттенели.

Орусташтыруу концепциясынын негизги багыттары болуп:

Орусиянын заң-закондорун акырындык менен жергиликтүү чөлкөмгө киргизүү;

Түпкү калктын динин, улуттук баалуулуктарын одоно бузбастан, акырындык менен алардын арасына орус динин, орус маданиятын жана орус менталитетин жайылтуу;

Аталган багыттарды ишке ашыруу жана колонияларда империянын социалдык таянычын калыптандыруу үчүн Түркстан крайы түзүлгөн алгачкы күндөн эле Орусиянын борбордук губернияларынан казак-орустарды, орус дыйкандарын көчүрүп келүү болгон.

Орусиянын тышкы саясатын изилдеп келген окумуштуу К. Скальковский 1897-жылы Орусия ортоазиялык маселени эл аралык маселе катары эмес, ички мамлекеттик маселе катары карап калды деп эскерген [13, 392-б.]. Анын бул сөзүнүн уңгусунда Орусия Борбордук Азияны караткандан болжолу чейрек кылымдан көбүрөөк мезгил өткөндөн кийинки колониалдык саясаттын негизги өзөгү болгон орусташтыруу концепциясынын орус апологеттеринин ойлогон максатындай эле темпте аткарылып бара жаткандыгын далилдеп турат.

Так ушул стратегиялык багыттын жер-жерлерде аткарылышын камсыз кылган чоң чиновник катары Түркстан генерал-губернатору А. Б. Вревский мындай деп жазат: «Туземдердин (жергиликтүү тургундар – К.Т.) бизге сиңип (аралашып, ассимиляция болуп – К.Т.) кетиши биздин алардын бардык шарттарын эсепке алуу менен иш жүргүзүүбүзгө байланыштуу эмес, тескерисинче качан гана биз акырындык менен аларды биздин бардык шарттарыбызга баш ийдирүүгө мажбурлай алышыбызга байланыштуу. Мында туземдерди чочутуп албай, аларга чоң материалдык зыян алып келбей, салт-санаасына, ишенимдерине жана дүйнө таанымдарына катуу доо кетирбей, алдап-солдоп мажбурлоо маанилүү...» [10, 11-барак].

Бул сөздөрдө аяр тактика жатат. Алдыда болуучу көп жылдык, перспективалык келечекте Орусиянын таман астында калган бардык элдерди орусташтыруу (тикеден-тике эле “орус кылып салуу” деген маани – К.Т.) максатына жетүүдө кылдат саясат эсепке алынган. Муну 1904-05-жылдары Түркстан генерал-губернатору болуп турган Н. Н. Тевяшевдин 1905-жылдын 18-февралында Түркстанды башкаруу Жобосун кайрадан өзгөртүү маселеси каралып жаткан кезде Орусиянын согуш министрине жиберген пикири дагы бир жолу ырастап турат. Ал: «Менин көз карашымда Орусиянын Мамлекеттик Кеңеши бир нече жолу эскерткендей Түркстандагы орус бийлигинин негизги максаты бул чөлкөмдү империяга биротоло сиңирип салууну көздөө болушу керек...” [12, 4-барак] деп жазат.

Орусиянын Кыргызстанды каратып алгандан кийинки доордо жүргүзгөн колониялык саясатынын багыттары даана көрсөтүп тургандай жергиликтүү калктын Орусия саясатына тез эле нааразы болуп, жер-жерлерде улуттук-боштондук кыймыл чыгып кетүүсүнөн чочулаган оторчу бийликтер иш жүзүндө “камчы жана токоч (кнут и пряник)” ыкмасын колдонушкан.

Мында жогоруда А. Б. Вревский айтып өткөндөй түз эле “бөрк ал десе баш кескен” ыкма менен эмес, “жыла сүйлөсөң жылан ийнине кирет” саясатын кеңири колдонгон. Орусиянын кызыкчылыгына анча зыян алып келбеген маселелерде “жергиликтүү элдин кызыкчылыгын канааттандырымыш” болгон кыйды ыкма менен иш жүргүзүлсө, жер, соода, өнөр жай, оторлоштуруу, салык, аскер иштери сыяктуу олуттуу маселелерде колониалык чет жакалардын кызыкчылыктары күч менен басылып турган.

Орусташтыруунун натыйжасы

Орусиянын чыгыш чет жакалары, Кавказ, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн орусташтыруу саясаты эмнелерди алып келди?

Орус империясын “орто кылымдык оор тумандан куткаруучу” фактор катары сүрөттөп келишкен орус колонизаторлорунун акырындык менен этаптуу жүргүзгөн “кыйшаюусуз орусташтыруу саясатынын” натыйжасында “орус эмес элдердин” улуттук келечеги коркунучтуу чекке келгендигин ким тана алат?

XIX кылымдын ортосунан XX кылымдын биринчи чейрегине чейинки Орусиянын колониалдык доорунда, 1991-жылга чейин созулган Советтик империянын улут саясаты мезгилинде (Совет же Москва колониализми деп да түшүнүүгө болот – К.Т.) көптөгөн улуттар элдин элдик белгисин алып жүргөн улут тилинин, көөнө мезгилден бери келе жаткан элдик үрп-адатынын, каада-салтынын улам унутулуп бара жатышы, тарыхый баалуулуктарынын мааниси төмөндөп, жалпы руханий жактан деградацияланышы, “декларацияланган формалдуу мамлекеттүүлүккө” ээ болгону менен суверендүүлүктөн кол жуушу айдан ачык эле мисалдар экендигин далилдөө кыйын эмес.

Азыркы Орусиянын кай бир окумуштуулары Уралдан чыгышты карай кеткен Азия мейкиндигинде атам замандардан бери жашап келе жаткан түптүү элдерге карата тарыхый текебердик маанидеги ой-жорууларды айтып келе жатышат. Мисалы, 2012-жылы Санкт-Петербургдан Александр Тюрин аттуу тарыхчынын китеби жарык көрүп, анда өткөн эки кылымдан бери ондогон олуттуу тарыхчылар, анын ичинде орус тарыхчылары жазып келген чындыкты бурмалап, теңирден тескери ойлорго орун берген.

Мисалы, ал мурунку СССР камтыган Евразия континентин жараткандан эле орус элинин атамзамандардан бери менчиктеген жери катары эсептеп, «орус жерлерин кеңейтүү бул падышачылыктын экспансиясы эмес, дыйканчылык менен кесиптенген орус элинин керектөөсү гана болгон» деп жазат. Орусиянын кантип Евразия континетинин «жапайы талаа», «кара токойлор» деп аталган түндүк аймактарына киргендигин жана ал жерде эгин эгип, жергиликтүүлөр «цивилизацияланышып» «орус болуп калышкандыгын» саймедирейт. Китепте А. Тюрин орус оторчулугунун батыш оторчулуктан эмнеси менен айырмалангандыгына, орус дыйкандарынын кандай жолдор менен Улуу Талааны «өзүнө кайтарып алгандыгына» токтолуп, европалык Орусиянын ар кайсы аймактарынан чыккан адамдар өзүлөрүнө тиешелүү жаңы жерлерде жолугушкандыгын, бул «мейкиндикти менчиктөө (освоение пространство)» бирдиктүү мамлекет менен бирдиктүү элдин иши болгон деп жыйынтыктайт [14].

Ушундай эле көз караштар коммунисттик идеологиянын капшабы менен Кыргызстандын тарыхчыларынын арасында да өткөн кылымдын 40 - 60-жылдарында калыптана түшкөндүгүн китептин киришүүсүндөгү тарыхнаамалык серепте айтып өткөндүгүбүздү дагы бир жолу эскерте кетмекчибиз.

Чын-чынына келгенде, советтик тарыхнааманын өкүлдөрүнүн, азыркы мезгилдеги айрым орусиялык изилдөөчүлөрдүн жазгандарынын объективдүү чындык-жөнү бар. Албетте, кыргыз сыяктуу элдер Орусиянын курамында бир жарым кылым бою жашап, тарыхый жактан объективдүү түрдө бир катар прогресске жетишти. Дүйнө алакасына колониалдык чет жака катары кирип, анын натыйжасында азыркы доордун жемиштерин көрүүгө, коомдук тартипти, экономиканы, маданиятты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Аны моюнга алуу керек. Бирок, Орусиянын кучагында турган кыргыз элинин XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын биринчи чейрегиндеги тарыхы классикалык колониалдык системанын алкагында жашап келгендигин тануу таптакыр мүмкүн эмес.

Кененсариев Ташманбет, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор. t.kenensariev@gmail.com

Адабияттар:

1. Авторсуз. Россия и Англия в Средней Азии.//ВЕ.—14 год. —Т.V.—СПб.,1879.

2. Восстание 1916 года в Средней Азии. Статья из газеты «Правда Востока» (1931 г.)// http://www.art-initiatives.org/?p=17284

3. Галузо П.Г. Туркестан — колония. — М., 1929.

4. Завалишин И. И. К чему для России расширение?/ Описание Западной Сибири. Том 3. Сибирско–киргизская степь. — М., 1867.// http://www.kamchadaly.ru/?con=ktxt&id=607&t_name=kamchad_ February 17th, 2012

5. Кененсариев Т. 1916-жыл: суроосу арбын Улуу көтөрүлүш.// http://www.azattyk.org/content/history_search_/27625571.html.21.03.2016

6. Костенко Л.Ф. Очерки Семиреченского края // Военный сборник. Т.88. 1872.

7. Лаврентьев В. Капитализм в Туркестане.—М., 1930.

8. Покровский М.Н. Внешняя политики России в XX веке. Популярный очерк. М., Ком. ун-т им. Я. М. Свердлова, 1926.

9. Покровский М.Н. Историческая наука и борьба классов. (Историографические очерки, критические статьи и заметки). Вып. 2. М.—Л.: Соцэкгиз, 1933.

10. Россия федерациясынын Мамлекеттик Борбордук Аскерий-тарыхый архиви (Мындан ары РФМБАТА, 400-ф, 1-оп, 1466-иш.

11. РФМБАТА, 400-ф, 1-оп., 3300-иш.

12. Русский Туркестан.Сборник, изданный по поводу политехнической выставки. Вып.1-2., СПб., 1872

13. Скальковский К. Внешняя политика России и положение иностранных держав. - СПб., 1897.

14. Тюрин А. Русские - успешный народ. Как прирастала русская земля". СПб.: Питер, 2012.

Булак: Азаттык